Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык онлайн конференцияга катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев 9-май Улуу Ата Мекендик Жеңеш күнүнө карата Россия Федерациясынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Эл аралык онлайн конференцияга катышты.

Онлай конференция “Элдердин жана диний коомчулуктун мекенди коргоо жана анын эркиндиги учун биригиши” деген темада өтүп, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналды.

Иш-чарага Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Белоруссиянын дин өкүлдөрү, муфтийлер, дин кызматкерлери катышты.

Конференция учурунда Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиш күнү менен ардагерлерди куттуктоосун айтып, кандуу майдан талааларында Мекен үчүн каармандык менен жан берген жоокерлерди сыймык менен эскерилип турушу керектигин баса белгиледи.

“Согуш жылдарындагы катаал сыноолордо эр жүрөк жана баатыр ата-бабаларыбыздын болуп көрбөгөндөй чыдамкайлыгын, кажыбас кайраттуулугун жана чексиз эрдигин, мекенге берилгендигин даңазалап көрсөтүшкөн. Кыргыз жергесинен 363 миң адам кан майданган аттанып, баатырлардын чыныгы үлгүсүн көрсөтүшүп, жогорку сыйлыктарга татыган”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.