Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине багышталып Куран окулду

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына  арналган иш-чарага катышты.

9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган иш-чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов баштаган саналуу гана жетекчилер катышты.

Жетекчилер Өчпөс отко гүл чамбарларды коюп, согушта курман болгон аталардын арбагына багышталып Куран окушту.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 20766 эр азамат аттанган болсо, алардын 14213 мекенине кайтпай калган.