Жаңы-Пахта айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып берилди


Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылындагы колу жука 60 үй-бүлөгө азык-үлүк түрүндө жардам берилди. Бул тууралу Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган кайрымдуулук иш-чара Махмуд жана Мухаммад аттуу араб жарандарынын демөөрчүлүгү менен ишке ашып, жалпысынан 90 миң сомго азык-түлүк алынды. Тактап айтканда 60 үй-бүлөнүн ар бирине 1500 сомдук күнүмдүк зарыл болгон азык-түлүк тапшырылды.

«Кудай Таалам адам баласынын ырыскысын жер бетине чачып койгон. Кайсыл жерден, кантип келип калат эч кимибиз билбейбиз. Бул жолкусунда муктаж жарандарыбыздан араб туугандар кабар алып, жардам берип кетишти. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт. Махмуд жана Мухаммад Кудай Тааланын жакшы көргөн пенделеринен экен. Кылган иш арекеттерин Аллах кабыл кылсын», — деди баш имам хатиб Икрам ажы Ырысбаев.