Баткен шаарынын «Таква» мечитинин имамы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сайдилла ажы Сайдакматовду зыярат кылды

Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы Абдулаким ажы Сайдакматов Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылында жашаган, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сайдилла ажы Сайдакматовду зыярат кылып, Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамы менен кутуктады.

Сайдилла ажы Сайдакматов учурда 98 жашта. Ал 1941-жылы мекенди коргоо максатында согушка аттанып, Калининград шаарында Калинин фронтунда болгон.

Согуш апаатында жараат алып, төрт манжасы жакшы иштебейт. Ошондой болсо да баскан турганы тың Сайдилла ажы Сайдакматовдун 1 кыз, 5 уулу жана 50дөн ашуун небереси бар.