Баткен районунун баш имам хатиби чек арага чектеш жашаган Көк-Таш эли ооз ачар баштыктарын таратты

Кечээ, 10-май күнү Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов Тажикстан Республикасы менен чек аралаш жашаган Баткен районунун Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту.

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда Муса ажы Улуу Рамазан айы менен куттуктап, улут аралык ынтымак сактоого жана сабырдуулукка чакырды.

“Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен баасы 1500 сомду түзгөн ооз ачар пакеттери айылдын 15 жашоочусуна таратылып берилди”,-деди Муса ажы Жолдошов