Базар-Коргон районунда 160 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды

Кечээ, 11-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун кулуну жеке ишкер Эрнист Акунбеков берекелүү Рамазан айында райондун аймагына караштуу 160 үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө толгон рамазан баштыкчаларын таратты.

Райондук хатибият кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тизмелеп, чыныгы муктаждардын колуна тийүүсүнө көмөкчү болушту. Кайрымдуулук жасаган Эрнист агабыз Базар-Коргон районунда эле эмес, өлкөбүздүн башка аймактарында дагы жардам колун узатып келет.

Райондун баш имам хатиби Тынчтык ажы Шаиковдун сунушу менен аз камсыз балгон 10 имамга да баштыкча ажыратып берип, мындан ары дагы жардам колун үзбөй тургандыгын билдирди.

“Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи, эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи»  деп элибизде бекер айтылбаса керек. Элибизге кыйын кезең келсе малы менен, жаны менен тике тура турган жигиттерибиз бар экендигине сыймыктабыз. Агабыздын жасаган иштерине Жараткан ажр-соопторун эселеп берсин”-деди Тынчтык ажы.