Дени сак болуу – баа жеткис байлык!

Дени сак болуу – баа жеткис байлык!

Ислам дени сак болууга чакырат!

Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар ыйык Рамазан айынын келишин чыдамсыздык менен күтүшөт. Рамазан айы – бул жакшы-изги иштердин жана такыбалыктын айы. Рамазан айында орозо кармоо ар бир мусулманга парз болуп саналат. Мээримдүү Алла Таала өзүнүн ыйык китебинде мындай дейт:

“О, ыйман келтиргендер! Силерден мурункуларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду. Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн (буйрулду).  Аль-Бакара сүрөсү, 183-аят.

Рамазан айында Мээримдүү Алла Таала өзгөчө мээримин төгөт.  Хадисте:

“Ким Рамазан айында орозо кармаган болсо, Алла Таала анын мурунку күнөөлөрүн кечирет”, — деп айтылат.

Ал эми башка хадисте:

“Адам  баласынын орозодон башка амалдарынын бардыгы өзү үчүн, орозо — мен үчүн, мен анын сообун өзүм беремин”, — деп айтылат.

Орозо  балагатка жеткен ар бир акыл-эстүү мусулман эркек менен аялга  парз. Эркек бала биринчи жолу түшүркөгөн убакыттан, ал эми кыз бала айызы келген убакыттан баштап балагатка жетти деп эсептелинет. Мындай белгилер жок болгон учурларда эркек бала да, кыз бала да  15 жашка  толгон күндөн баштап балагатка жеткен болуп саналат. Балагатка (жетилүүгө) жете элек жаш балдарга орозо кармоо, намаз окуу жана башка ибадаттын түрлөрү парз болуп эсептелбейт.

Эгер баланын күч-кубаты жетпесе, оорусунан улам күндүзү дары ичүү зарылдыгы бар болсо, орозо кармабай койсо болот.

Ооруганына байланыштуу орозо кармабай коюуга жол берилет. Шариятта адамдын жүйөлүү себептери бар болгон учурларда орозо кармабоого же башка ылайыктуу мезгилде кармоого уруксат берилген. Анткени Алла Таала кереметтүү Куранда мындай деп айткан:

(Орозо) эсептелүү күндөрдө гана (кармалат). Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса же сапарга аттанса, ал күндөрдүн ордуна башка күндөрү толуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кааласа — ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер, орозо кармоо силер үчүн жакшы. Аль-Бакара сүрөсү, 184-аят. 

وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُو

الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُون

 АИВ–инфекциясы менен жашаган өспүрүмдөрдүн yорозо кармашы

АИВ/ВИЧ – адамдын иммунокем вирусу.  АИВ–инфекциясы адамдын иммунокем вирусу адамдын денесине жуккандан тартып илдетке чалдыктырат.

ЖИКС —  жетишсиз иммунокем синдрому (СПИД). Бул АИВ–инфекциясынын 4-чү клиникалык стадиясы, мында оорулуу адамдын денесиндеги иммундук (ооруга туруштук бере турган клеткалар) клеткалардын саны өтө төмөндөп, башка ооруларга туруштук бербей калат дагы, адам оорулардын күчөшүнүн кесепетинен каза болушу мүмкүн.

Азыркы мезгилде АИВ-инфекциясына каршы жогорку натыйжалуу антиретровирустук дары-дармектер (АРТ) колдонулат. Бул дарылар адамдагы вирустун көбөйүшүнө бөгөт коюп, кандагы вирустун көлөмүн азайтуу менен бирге адамдын иммунитетин бекемдейт. Иммунитеттин бекемдиги адамды башка илдеттерден коргоп турат.

АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдар антиретровирустук  дары-дармектерди дарыгердин кеңешине ылайык өмүр бою тиешелүү дозада ичип туруусу зарыл. Айрым дайындалган дары-дармектер күнүнө 1 же 2 маал ичилет. Дары-дармектерди ичүү убактысын же аралыгын дарыгер бейтаптын ден-соолугунун абалына, жаш курагына жана анализдердин (СД4, ВН) жыйынтыгына карата сунуштайт.

Жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн организминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу АИВ-инфекциясы аларга көбүрөөк залал келтирет. Ошол себептен алар дарыгердин кеңешин угуп, АРТны өз убагында үзбөй керектүү дозада ичип, такай ата–эненин көзөмөлүндө болуп турушу зарыл.

Өспүрүм мезгилде балдардын, кыздардын денесинде ар түрдүү гормондук өзгөрүүлөр болот, бул өзгөрүүлөр алардын аң-сезимине, жүрүм-турумуна чоң таасирин тийгизет. Ушул мезгилде АИВ-инфекциясына чалдыккан көпчүлүк өспүрүмдөр дары-дармектерди ичүүдөн баш тартышат же “ичтим” деп алдап коюшат. Ошондуктан өспүрүм курактагы балдарга көбүрөөк көңүл буруу талап кылынат.

Орозо учурунда өспүрүмдүн орозо кармоо ниети болсо, дарыгерден кеңеш алганы туура болот жана бул зарыл деп эсептелинет, анткени:

Өспүрүм антиретровирустук дары-дармекти бир күндө эки жолу ичиши керек жана дарыны ичүү аралыгы 12 саат болушу зарыл. Ал эми өспүрүм орозо кармаган убакта дарыны ичүү убагы «ооз бекитүү» жана «ооз ачуу» мезгилине туш келе турган болсо, дарыларды ичүү аралыгы 16-17 саатка созулуп кетет. Мындай учурда өспүрүмдүн дары ичүү режими бузулат, анткени дарыны ичүү аралыгы 12 сааттан ашпашы керек – анын канындагы вирустун саны көбөйүшүнө тоскол болуу үчүн дарынын керектүү өлчөмү денеде болуп турушу зарыл. Эгерде кандагы керектүү өлчөм (доза) өзгөрүүгө учураса, АИВ-инфекциясынан дарылануу натыйжасыз болуп калат. Ошол эле убакта кандагы вирус дарынын таасирине туруштук берүүгө жөндөмдүү болуп баштайт. Бул болсо дарынын таасири азайышына көмөктөшүп, кандагы вирустун саны көбөйүп, иммундук клеткалардын өлүшүнө алып келет. Иммунитет өзүнүн коргоочу функциясын аткара албай калат.

Эгерде өспүрүм антиретровирустук дарысын бир күндө бир жолу ичиши керек болсо, дары ичүү аралыгы 24 саатты түзөт. Бул учурда ден-соолугунун абалы жакшы болсо, анализдердин жыйынтыктары керектүү натыйжадагы көрсөткүчтөрдү көрсөтсө, анда дарыгердин кеп-кенештерин аткаруу менен орозо кармаса болот.

Эгерде өспүрүм антиретровирустук дарыларды бир күндө бир маал ичип, бирок ден-соолугунун абалы канааттандыраарлык эмес болсо, анализдердин жыйынтыктары керектүү натыйжадагы көрсөткүчтөрдү көрсөтпөсө, дарыгерден кеп-кеңеш албай туруп орозо кармоо ден-соолукту начарлатып, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келүү менен ар кыл оорулардын пайда болуу ыктымалдуулугун жогорулатат.

Антиретровирустук дарыланууну көзөмөлдөө милдети ата-энеге жана балага кам көргөн адамдарга жүктөлөт. Алар балдарга өз убагында унутпай дарысын берип турууга тийиш.

АИВ-инфекциясына чалдыккан балагатка жете элек жаш балдар менен өспүрүмдөргө орозо кармабастан эле убагында дарысын ичип туруу сунушталат. Шариятка ылайык, алардын орозо кармашы парз болуп эсептелбейт.

Шариятта белгилүү бир жеңилдиктер берилген.

Балагат жашына жеткен өспүрүмдөргө ооз бекитүү менен ооз ачуу убактыларынын ортосу 12 сааттан ашык болуп, дарыны өз убагында ичпей кала турган болсо, канда вирустун көлөмү жогорулап, иммунитети төмөндөп кетишинин айынан ден-соолукка олуттуу зыян келе турган болсо,  орозо кармабоого уруксат берилет.

Орозонун карызын күн кыскарган мезгилге жылдырып кармаса болот. Башкача айтканда, оорудан айыкканда же дары ичүүгө тоскоолдук болбой турган мезгилде, мисалы, ооз бекитүү менен ооз ачуу убактыларынын аралыгы 12 саатка жакын болгон мезгилде кармаса болот. 

Ата-энелер өспүрүм балдарынын орозо кармоо ниети бар экендигин дарыгерлерге айтып, алар менен кеңешип, биргелешип туура жолду тандашы керек.

Дарыгердин дайындоосу менен антиретровирустук дарыларды ичүү режимин сактоо узак, активдүү жана толук кандуу жашоого мүмкүндүк берет!