Нарын районунун Достук айылында Рамазан айына карата эт тараталып, мечиттин клеми жуулду

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Достук айылындагы жети үй-бүлөгө Рамазан айына карата эт таратылып берилди. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Нарын районунун Достук айылынын имамы Алтынбек Жапаралиевдин демилгеси менен аталган айылдан жети үй-бүлөөгө эт таратылды.

» Ушундай кырдаалда муктаж болгон үй-бүлөлөргө, ыйык рамазан айынын урматы менен колдоо көрсөткөн, жакшылык кылып жаткан демөөрчүлөргө ыраазылык билдирем»- деди айыл имамы Алтынбек Жапаралиев.

Мындан тышкары жамаат менен биргеликте мечиттин килеми жуулуп, мечиттин ичи, тегереги тазаланып көчөттөр отургузулган.

Ошондой эле, мечиттин жанында жайгашкан ФАПка таза суу киргизүү демилгесин көтөрүп медицина кызматкерлерге таза суу киргизип берилгенин билдирди айыл имамы Алтынбек Жапаралиев.