Аксы районунда 150 үй-бүлөгө 172 500 сомдук рамазан баштыктары таратылды

Кечээ, 12 май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда берекелүү Рамазан айына карата Түрк кызматташтык жана координациялык агенттиги (ТIКА)  район боюнча жашоо шарты начар аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө 1150 сомдук азык-түлүк кутучаларын таратты.

Аксы райондук хатибияты чыныгы муктаждардын тизмелерин тактап, кайрымдуулук кутучалары өз ээлерине жетүүсүнө жардам көрсөтүштү. Бул жардамды таратуу жагы райондогу айыл өкмөттөрдүн баш имамдарына жүктөлдү.

“Жардам берген түрк туугандардан Жараткан Өзү ыраазы болсун! Кээде чыныгы муктаждарга жетпеген  учурлар да болуп калат. Ошол нерсенин алдын алып биз ар бир тизмени тактап калыс таркатууга аракет кылдык. Бул иште айыл өкмөт имамдары кызмат кылды”дейт райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков.