Аксы районунда 13 жетим балага 20 800 сомдук азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 13-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук хатибияты «ИСАР» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Улуу Рамазан айынын урматына карата 13 жетим балага жалпы эсеби менен 20  800 сомдук азык-түлүк таратты.

“Исар” кайрымдуулук фонду биздин райондо көптөн бери жакшы иштерди жасап келе жатат. Райондун элинин атынан өзүмдүн атымдан фондко ыраазычылык билдирем. Ыйык Рамазан айында да атасыз балдарыбызды кубандырып белектерин берип кубаныч тартуулап турушат. Жараткан иштерине ийгилик берип, кайрымдуулуктарын кабыл кылсын”- деди баш имам хатиб Мырзабек ажы.