Нан жаптырып, ысыгында элге таркат! Мындай саамалыкты имам демилгелеп чыкты

Бишкек шаарындагы «Калыс Ордо» жаңы конушундагы «Латифа» мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевден жакш демилге.

Ал дүйнө элин түйшүккө салган COVID-19 таажы ылаңынан сактануу максатында жалпы элибиз өзгөчө абалда күн өткөрүп жаткан учурда жаңы конуштун жашоочуларына күн сайын 1 кап ундан нан жаптырып, каалоочуларга таркатуу иш-чарасын уюштуруп, элдин алкышына татыды.

Мындай демилге жергиликтүү башкаруу кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырылды.

«Албетте бул вирус батыраак жоголуп, элибиз демейдеги жашоосуна келүүсүн тилеп кетем. Аны менен катар бул күндөрдө ар бир киши өзүнө керектүү сабак алды болуш керек. Ысырапкорчулуктан сактануу, үй-бүлө менен жакындан алек болуу жана китеп окуп, өзүн өнүктүрүү сыяктуу унутулуп бара жаткан нерселерди кайра үйрөндү деп жакшылыкка жоруп турабыз» -деди Нурбек ажы.