«Тоиба» мечитинин имам хатиби Билал ажы Сайпиев орозо баштыкчасын таратты

Сооп издеген пендеге соопчулук жасоонун жолу көп. Рамазан айында орозо кармаган мусулмандарга ооз ачтырып, сооп алам деген бир туугандарыбыз учурдагы абалга жараша элди топтоп тамак бере албай жатышат. Мындай пикирин Бишкек шаарындагы «Тоиба» мечитинин имам хатиби Билал ажы Сайпиев билдирди.

Анын айтымында Рамазан айында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте муктаж үй бүлөлөргө азык түлүк түрүндө бир нече жолу жардам берилди. Мындай иштер дагы да улана бермекчи. 

«Ооз ачырууга кеткен каражатка азык-түлүк түрүндө жардам таркатып, элдин батаасын алган атуулдарыбыздын ишине Жараткан берекесин берсин. Бизди эң эле кубандырганы сооп жасап жаткан кишилер эч бир жерде аты аталышын каалабайт, Аллах баарын билип турат деп Аллах ыраазычылыгы  үчүн жасап жатышат»-деди Билал ажы.