«Калыс Ордо» конушунда жашаган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бишкек шаарындагы Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан «Латифа» мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин демилгеси менен узак жылдардан бери улантылып келе жаткан ай сайын муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жараяны өлкөбүздөгү өзгөчө абал учурунда мурдагыдан да жандуу болду.

Бул тууралуу кечээ, 13-майда Нурбек ажы жардам берген жарандарга ыраазычылык айтып, бардык мусулмандарды Рамазандын акыркы он күндүгүндө ибадатка бекем болууга чакыра кетти.

«Эл башына кыйын күн түшкөндө аттанып чыга турган азаматтардан уучубуз кур эмес. Биздин конушта атын атагысы келбеген бир туугандарыбыз өтө чоң жардамдарды беришти. Элибизди аман-эсен, ден-соолукта жакшы күндөргө жеткиришти күн сайын Аллахтан тилеп дуа кылуудабыз»- деди Нурбек ажы.  

«Калыс Ордо» жаңы конушунда 700 000 сомго 100 үй-бүлөгө ар бирине 700 сомдук азык-түлүк жеткирилип берилди.