«Бакай Ата» мечити карантин учурунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы «Бакай Ата» мечити карантин учурунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 13-майда мечиттин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөөгө 2 ден гана адам катышып, мамлекет тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коюлган талаптарды так аткаруу менен иш жүргүзүлдү.

«Эң негизгиси Аллахтын ыраазычылыгы үчүн келип мечитибизди оңдоп-түзөөгө катышкан усталарга ыраазычылык айтам. Элибизде «бекер жатканча-бекер иште деп коёт эмеспи». Буюрса акыретте Аллах Таала эселеп сообун берет»,- деди Файзулла ажы.