Ала-Бука районунда карыяларга 20 даана ооз ачаар баштыктары таратылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев учурдун талабына жараша болбой жаткандыгынан улам ооз ачырууларды жардамга муктаждарга тамак-аш түрүндө жеткирүүгө чакырды.

Кайрылуусунда  рамазан  берешендиктин, кайрымдуулуктун   жана соопко ээ болуунун айы экендигин баса белгилеп, муктаждарга, карыяларга, ооруп жаткандарга жардам колун сунууга үндөдү.

Мындай сооп амалда Ала-Бука районунун тургуну Кубаныч Турдалиев мырза  ар бир баштыкта 1000 сомдук сумманы түзгөн 20 даана  ооз ачаар баштыгын  майыптарга, карыяларга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө таратып берип дубаларын алды.

“Сүйүктүү пайгамбарыбыз бир даана курма же бир ууртам суу менен болсо да бирөөнүн оозун ачырууга үндөгөндөй, ооз ачыруунун сообун үмүт кылып  Кубаныч агабыз карыяларга ооз ачаар баштыктарын берип олтурат. Кайрымдуулугун Кудайым кабыл кылсын”-дейт баш имам хатиб.