Чүй районунда 200 үй-бүлөгө 120 миң сомдук Рамазан баштыкчалары таратылды


Чүй облусуна караштуу Чүй районунда Ыйык Рамазан айынын берекеси менен кайрымдуулук иш-чара уюштурулду. Иш-чара Чүй районунун хатибияты жана кайрымдуу жарандардын демилгеси менен ишке ашып, район ичиндеги жашоо шарты начар 200 үй-бүлөгө күнүмдүк азык-түлүк тапшырылды.

Чыныгы муктаж үй-бүлөлөрдү тактап, аларга жардамды жеткирүү милдети имамдарга жүктөлүп, иш-чарага Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев өзү да катышты.

«Өздөрү муктаж болуп турса да, өзгөнү ойлоо Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жанан Анын сахабаларынын сыпаты эле. Ушундай кыйын учурда мекендештерин ойлогон кайрымдуу жарандарыбыздан Аллах ыраазы болуп, эч нерседен кем кылбасын. Өзгөчө абал режими жарыялангандан тарта, район боюнча кайрымдуулук иш-чаралары токтобостон уланууда. Алардын ичинен башкаларга да үлгү, түрткү болсун деп ачык жасагандар, ошондой эле эч ким билбей эле койсун дегендер да бар», — деди Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев.