Баткен райондук хатибияты тарабынан кезектеги кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду

Баткен райондук хатибияты «Исар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте  Баткен районунун аймагындагы атасынан эрте ажыраган жана аз камсыз болгон 88 жаранга баасы 1500 сомду түзгөн ооз ачар баштыктарын  таратты.

«Өлкөбүздөгү оор кырдаалда муктаж үй-бүлөлөрдү аз да болсо колдоо алардын жүздөрүнө сүйүнүч тартылоо максатында ушул иш-чараны уюштурдук, мүнкүнчүлүк болсо мындар ары  кайрымдуулук ишин уланта беребиз»,- дейт Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов.

Белгилей кетсек,  буга чейин да Баткен райондук хатибияты тарабынан ушул сыятуу кайрымдуулук иш-чарар уюштурулуп, анда 15 жаранга баасы 1500 сомду түзгөн ооз ачар баштыктары таратылып берилген.