Кемин шаарынын тургуну Руслан Сандыбаев фитир-садакасы менен шаар ичиндеги үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү


Чүй облусуна караштуу Кемин шаарынын тургуну, Кемин шаарынын военкомат кызматкери Руслан Сандыбаев фитир-садакасын азык-түлүк түрүндө шаар ичиндеги жашоо шарты начар 3 үй-бүлөгө азык-түлүк менен жардам көрсөттү.

Ар бир үйгө орто эсеп менен 2 миң сомдук азык-түлүк алынып, жалпы 6 миң сомдон ашуун каражат жумшады. Азык-түлүктү таратуу жагына «Айша» мечитинин имамы жардам берип, мындай учурлар шаар ичинде өтө көп кездешип жатканын айтты.

«Ыйык Рамазан айында кылынган сооп иштер эсептелип көбөйөт. Ошондон улам акыретин ойлогон, кыйын мезгилде элин ойлогон мекендештерибиз колдорунан келишинче кайрымдуулук кылышууда. Шаарыбызда мындай учурлар өтө көп кездешип жатат. Алардын көбү эч кимге билинбесин десе, кээ бирлери башкаларга да түрткү болсун деп ачык жасоодо. Кайсыл ишибизден Аллах ыраазы болоорун билбейбиз. Ошондуктан, колубуздан келишинче жакшылык кыла берели», — деди шаар имамы Таалайбек Сейталиев.