Сокулук айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк таратылып берилди


Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Сокулук айылында мүмкүнчүлүгү чектелген, майып балдардын үй-бүлөлөрүнө, күнүмдүк азык-түлүк менен жардам берилди.

Бул соопту иш-чара кайрымдуу мекендештерибиздин демөөрчүлүгү менен ишке ашып, жалпысынан 20 үй-бүлөгө 40 миң сомдук жардам берилди. Азык-түлүк тапшыруу иш-чарасына Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев катышып, төмөнкүдөй маалымат берди:

«Кудай Таалам пендесин ар түрдүү кылып сынайт экен. Кимдир бирөөнү мал-мүлк жагынан сынаса, кээ бирин ден соолук жагынан сынайт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер биз үчүн үлгү болуп, кадырлуу болгон пешенесин жерге тийгизип, сажда аркылуу шүгүр кылууга түрткү болуш керек. Арабыздагы кайрымдуу мекендештерибиз менен учурдагы оор кырдаалга байланыштуу Сокулук айылындагы майып жаш балдардын үй-бүлөлөрүнө аз да болсо жардам көрсөттүк. Кудайым кабыл кылып, элибизди оору-суркоодон сактасын», — Икрам ажы Ырысбаев.