Учурдагы кырдаалга байланыштуу Москва районунда бир катар кайрымдуулук иш-чаралар болуп өттү


Чүй облусуна караштуу Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев учурдагы кырдаалга байланыштуу Москва районунда бир катар кайрымдуулук иш-чарасын өтөкрдү.

Иш-чаралар Москва районунун хатибиятынын демилгеси менен уюштурулуп, ага имамдар жана кайрымдуу мекендештер салымдарын кошуп, көмөк көрсөтүшкөн.

«Беловодск айылынын тургуну Искендер Кадыркулов туугандары менен биргеликте жалпы баасы 250 миң сомду түзгөн 500 Рамазан баштыкчаларын даярдап, аларды Беловодск, Петровка, Садовое жана Сахзавод айылындагы колу жука үй-бүлөлөргө таратышты. Үйлөрдү аныктоо жана баштыкчаларды таратуу ишине айыл имамдары көмөк көрсөтүшкөн»,-деди Искендер ажы Жакеев

Ошондой эле, мындан бир канча күн мурда Москва районундагы жашоо шарты начар 500 үй-бүлөгө 25 кг ун жана өсүмдүк майы таратылган. Бул иш-чараны да Искендер Кадыркулов өзүнүн туугандары менен колго алып, имамдар жардам беришти.

«Райондогу дагы башка кайрымдуу инсандардын демөөрчүлү менен муктаж 500 үй-бүлөгө кортошка, пияз жана да башка жашылча-жемиштер менен жардам көрсөтүлгөн. Ал эми Петровка айылынын өзүндө болсо, 3 бодо мал союлуп, эти айыл тургундарына таратылды.
Мындан башка да иш-чаралар токтобостон болуп жатат. Аллах Таалам ар бирибиздин жакшылыктарыбызды кабыл кылып, көмөк көрсөткөндөрдүн бардыгынан ыраазы болсун», — деди баш имам хатиб.