«Тарбиянын башаты энелерибизде»-Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов

Бисмиллахир-рохмаанир-рохиийм
Урматтуу биздин ай жуздуу, кун нурдуу апаларыбыз, мээримдуу энелерибиз. Баарыныздарды бугунку энелер майрамы менен чын дилимден куттуктап кетем. Аллах Таала энелерге эн чоң кесип, эн чоң милдет берген. Андай милдет дүйнөдөгү бардык милдеттерден да бийик турат. Ал милдет балдарды тарбиялоо, келечек муундарга жакшы тарбия берүү болуп саналат.

Дүйнөгө белгилүү бир аалымдын айтканы бар: » Жашоодо жүздөгөн устаттардан сабак алдым. Эң кыйын жеген аалымдардын батаасын алдым, бирок апамдын мага кичинекейимде берген тарбиясы, сабагы ар дайым көкүрөгүмдө болуп турду. Кудум эле мен алган сабактар апамдын курган пайдубалына кошумча курулган курулуштар сыяктуу болду. Ошондуктан менин эн негизги жана биринчи устатым апам» деп айткан экен. Ошол сынары адам баласы кайсы деңгээлде болсо да апасынын берген тарбиясы негизги башат болуп берет.

Майрамынызжар менен! Бар болунуздар, аман болуңуздар.

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов