Ак-Булак айылында жашаган аз камсыз 50 үй-бүлөөгө кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду

Улуу Рамазан айынын урматына Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылынын “Аль-Фуркон” атындагы мечитинде, Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахмановдун демилгеси менен аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө азык-түлүк таратылды.

Анда майыптар, жалгыз бой энелерге бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоцияциясынын “Бир билек- бир тилек” кайрымдуулук борборунун демөөрчүлүгү менен 2 000 сомдун тамак-ашы жардам катарында таратылды.

«Бүгүнкү болуп жаткан иш-чарабыз, Ыйык Рамазан айынын урматына уюштурулуп, муктаж бир туугандарыбызга жылуу маанай тартуулап жатабыз. Анткени Рамазан, жакшылыктын айы, мээримдүүлүктүн айы, андыктан хатибият жамааты колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин уюштура беребиз”,- дейт Асантур ажы.

Бир туугандарыбыз көрсөтүлгөн жардам үчүн демөөрчү Шейх Абдурахим Мухаммад Насирге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, дуа кылышты.