Кароол-Дөбө айылындагы 70 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылып берилди

Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылында бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын “Бир билек- бир тилек” чакырыгы менен кайрымдулук иш-чарасын уюштуруп, райондук баш имам хатиб Максат Сейталиевдин катышуусунда, Ыйык Рамазан айынын урматына аз камсыз, муктаж болгон 70 үй-бүлөөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүлдү.

“Карымдуулук кылган Шейх Абдурахим Мухаммад Насир биртууганыбыз учурдагы кырдаалдан улам чындап жардамга кол сунган бир туугандарыбызга жардам көрсөтүп, Ыйык Рамазанда ар бирибизге кубаныч тартуулоодо”,-деп билдирди райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев.

Айта кетсек, демөөрчүлүк кылган Шейх Абдурахим Мухаммад Насир буга чейин дагы көл өрөөнүнө мечиттерди салып, айрым мечиттерди толук оңдоп- түздөөдөн өткөргөн.