Тоң району боюнча 200 үй-бүлөөгө жардам баштыгы таратылды

Бул туурасында райондук баш имам хатиб Таалайбек ажы Акунов билдирип, жардамга кол сунган айыл тургундарына тамак-аш түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 192 000 сомду түзгөндүгүн айтты.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TIKA) тарабынан көрсөтүлгөн бул жардам, район боюнча чындап шарты начар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып, Ыйык Рамазанда баардыгына кубаныч тартуулады”,- дейт Таалайбек ажы Акунов.

Айта кетсек, аталган жардамды таркатууда айыл имамдары жана ошондой эле айыл өкмөттөрү тарабынан сунушталган тизме боюнча, ар бирине дареги боюнча жеткирилип, колдоруна тапшырылды.