«Хафиз уулдары» мечитинин имамынын демилгеси менен 21 үй бүлөгө азык-түлүк таркатылды

Бишкек шаарындагы «Ак Жар» жаңы конушунда жайгашкан «Хафиз уулдары» мечитинин имам хатиби Уланбек ажы Курманбаевдин демилгеси менен жаңы конуштагы 21 муктаж үй-бүлөнүн ар бирине 1000 сомдук тамак-аш жардамдары таркатылды. Бул тууралуу бүгун 18-майда Уланбек каары билдирди.

Азыркыдай кыйын кырдаалда ар бирибиз колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек деген принцип менен демилгени көтөрүп чыккан имам хатиб бир жаңы конуштагы бир канча кишинин бул жакшылыкты жасашына себепкер болду.

«Биз болгону себепкер болдук. Аз болсо да жардам кылалы, биз бир конуштун тургундарыбыз, жакшылык жамандыкта биргебиз-деген ойду билдирүүнү туура көрдүк»,-деди Уланбек каары.

«Хафиз уулдары» мечитинин жамааты ар дайым жергиликтүүлөр менен тыгыз иш алып барууда.