«Хайл Хижра» мечитинин жамааты 150 үй бүлөөгө жардам колун сунушту

Бишкек шаарындагы «Хайл Хижра» мечитинин имам хатиби Бактияр ажы Шараповдун демилгеси менен жалпысынан шаардагы 150 үй-бүлөөгө 70 000 миң сомдук жардам баштыкчалары таркатылды.

Бактияр ажынын айтымында жардам берген кишилер атын атагысы келген эмес, жөн гана соопчулук үчүн бул иш-аракеттерди жасаган. 

«Бүгүнкүдөй оор кырдаалда жардам берүү бул жүрөктөгү ыймандан болот. Себеби баардык эле кишилерге өзүнө жараша кыйынчылык келип турган учуру. Биздин жамааттан жардам берген кишилерден чындыгында Аллах Таала ыраазы болсун. Эч бир кишишнин билишин каалабай эле жардамдарын беришти. Биз да ушул жолду тандасак деп үгүттөп кетем»-деди Бактияр ажы.