![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/05/0a6f7c43-8235-4feb-adca-f23812cb2774.jpg)
Кечээ, 17-май күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов Алай районунун Сары-Могол айылында жашаган памирлик кыргыздарга кайрымдуулук жардамын көрсөттү.
Анда Сары-Могол айылындагы памирлик 51 тургунга жана жергиликтүү 40 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын жеринде таратып берди.
Буга чейин демөөрчүлөрдүн жардамы менен Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш районунун 150 тургунуна, Керме-Тоодогу 150 адамга, Батыш жана Төлөйкөн районунундагы 150 адамга жардам баштыкчалары таратылып берилген.