24 – май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына  карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 2020-жылдын 24 – май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди.

 Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.