Талды-Суу айылынын мечити оңдоп-түздөөдөн өтүүдө

Бул туурасында Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев билдирди.  

Анын айтымында, райондук хатибият, айыл жаштарынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен  иш башталып, учурда иш кызуу жүрүп жаткан убагы.

 «Мечиттин абалы начарлап, дааратканасы жок болгондуктан көйгөй жаралып келген. Учурда айыл жаштары өздөрү каражат чыгарып, заманбап шарттары менен дааратканасын куруудабыз. Бул мечит элибизди ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөп, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруучу жайга айланмакчы»,-деди Бакыт ажы.