Туура-Суу 2 айылынын мечитине таза суу киргизилүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу, Туура-Суу 2 айылындагы жергиликтүү мечитке суу киргизилип жатат. Бул тууралуу айыл имамы Нурбек Абыкеев бүгүн, 19-майда билдирди.

Анын айтымында, мындай соопчулук иши «Хан Теңири» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, бул саамалык Рамазан айына туш келип жатат.

“Аль-Хоттаби” атындагы айыл мечитинде суу жоктугуна байланыштуу көп пландарыбызды ишке ашыра албай келгенбиз. Бүгүн “Хан Тенири” коомдук фонду демөөрчүлүк кылып, таза суу киргизип берүүдө»,- деди ал.

Эми мындан ары мечит айланасын көрктөндүрүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлмөкчү.