«Улукман» мечитинин жааматы жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унааны белек кылышты


Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында жагымдуу саамалык ишке ашты. Анда көп жылдардан бери дин жолунда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан «Улукман» мечитинин имамы Таштанбек ажы Токтошалиевке мечит жааматы «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү авто унааны белек кылышты. Бул тууралу бүгүн, 19-майда Чүй районунун баш имам хатиби Сапаралии ажы Акбаев билдирди.

«Имамдын иши көбүнө көрүнбөгөнү менен, чындап келгенде өтө оор жана жоопкерчиликтүү кызмат. Акы албастан эл үчүн, элдин жакшылык-жамандыгында аткарган иш-чаралары зор баага ээ. Ушинтип имамдын кызматына баа берип, унаа белек кылган мечит жааматына ыраазычылыгымды билдирем», — деди Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев.

Таштанбек ажы Токтошалиев 5-август 1954-жылы Чүй районуна караштуу Маданият айылында жарык дүйнөгө келген. Жаш чагынан эле мечиттерден илим алып, динге берилген. 2001-жылы Балыкчы шаарындагы Нурахмад молдо аттуу имамдан шариат илимин үйрөнүп баштаган. 2005-жылдан тарта, азыркы күнгө чейин Чүй айылындагы «Улукман» мечитинин имамы.

2008-жылы имамдык кызматын зор аткаргандыгы үчүн Азирети Муфтий Мураталы ажы Жумановтон мактоо баракчасына ээ болгон. 2015-жылдан тарта имамдык кызмат менен бирге, Чүй районунун баш имам хатибинин жардамчысы болуп эмгектенет. Жашына карабастан 2015-жылы Токмок шаарындагы «Лукман Аль-Хаким» Ислам институтуна тапшырып, быйыл аяктоо учурунда турат.