Базар-Коргон районунда ыксыз чыгымдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте кыскартылды

Кечээ, 19-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө аш-тойлордогу жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдар боюнча  көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйынга райондун акими Бакыт Садыкович, райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек Абдуллаевич, айыл өкмөт башчысы, имамдар, айыл башчылар, бийлер катышты.

Жыйында: айт күнү маркум каза болгон үйлөрдү кыдырбай, айтты ата-эне, бир туугандар менен өткөрүү жана сөөк узатуу күнү союш сойбоо, аялдар көк кийбөө, жыртыш жыртпоо жана башка ушундай маселелер каралды.

“Ислам шарияты бардык маселелерди тактап өз ордунда чечип койгон. Бирок тилекке каршы каада-салтыбызга көбүрөөк көңүл буруп койгонубуз үчүн ушундай талкууларга түшүп калып жатабыз. Мындан ары да кеч эмес урматтуу жамаат, жашообузду алыбыздын жетишинче, колубуздан келишинче шариятка ылайык жашап,  ысырапка жол койбойлу. Алла ысырапкорлорду сүйбөйт”-деди баш имам хатиб.

Жыйынтыгында коюлган сунуштар катышуучулар  тарабынан колдоого алынып, айыл өкмөтү токтом чыгарды. Токтом чыгарылган күндөн баштап  күчүнө кириши белгиленди.  Айыл башчыларга, бийлерге, имамдарга көзөмөлдөө жагы милдеттендирилди. Мындай жыйындар райондун аймагындагы бардык айыл өкмөтттөрдө өтө турган болду.