Ак-Талаанын хатибияты ооз ачырууга таттууларды таркатты

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын Ак-Талаа районунун хатибияты тарабынан 100дөн ашык адамга ооз ачырууга деп курма жана суу таратышты. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаа районунда баш имам хатиби Акылбек Эсеналиевдин демилгеси менен хатибияттын кызматкерлери жана мечит жааматы колдого алып, учурдагы кырдаалга карабай күн-түн дебей кызматта турган мекеме кызматкерлери үчүн ыйык рамазан айы менен куттукташты. Алар үчүн 100дөн ашык мекеме кызматкерлерине курма жана 1-литр суу менен ооз ачыруу болду.

«Элдин саламаттыгы жана коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен биргеликте элибиздин тынчтыгы саламаттыгы үчүн дуа кылынды»,- деди баш имам хатиб.