Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Пандемия чакырыгынын алдында Мусулман Дүйнөсүнүн социалдык аралык шартында биригүүсү” аттуу эл аралык онлайн конференцияга катышты

Бүгүн, 20-майда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Россиянын Муфтийлер кеңеши жана РФнын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Пандемия чакырыгынын алдында Мусулман Дүйнөсүнүн социалдык аралык шартында биригүүсү” аттуу эл аралык онлайн конференцияга катышты.

Конференция саат 12:00дө башталып, Zoom платформасы тарабынан ишке ашырылды. Онлайн конференциянын максаты дүйнөнү каптап жаткан ар кандай оору сыркоодон дин кызматкерлери тарабынан кандай иштерди жүргүзүп, көмөк көрсөтүү керектиги боюнча сунуштар айтылды.

Ага мусулман өлкөлөрүнөн жана Борбор Азия жана Европа мамлекеттеринин муфтийлери, дин өкүлдөрү катышты.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев дүйнөдө болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу кыскача токтолуп, мындай учурда өз ара тыгыз кызматташып, тажрыйабаларды алышуунун артыкчылыктуу багыты экенине токтолуп, пандемияны биримдикте гана жеңүүгө болоорун баса белгилеп, өз баяндамасын жасады.