Баткенде жеке ишкер тарабынан медресе мугалимдерине кайрымдуулук жардам берилди

Баткен шаарында жайгашкан «Той» азык-тулүктөр дүкөнүн ээси, жеке ишкер Айжигит Жумабаев Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин мугалимдерине баасы 1000 сомду түзгөн, жалпы 25 азык-түлүк баштыкчасын таратты.

Жеке ишкер атаган кайрымдуулук Рамазан айынын урматына уюштурулуп, келечек жаштарын ыймандуулукка, адеп-ахлак жана мекенди сүйүүгө тарбиялап жаткан мугалимдерди колдоо максатында уюштурган.

«Аталган кайрымдуулук иштеримдин сообун маркум атамдын жана өтүп кеткен бир туугандарыма арнаймын дейт»-, Айжигит Жумабаев

Белиглей кетсек, аталган ишкер жыл сайын ушул сыяктуу кайрымдуулук иштериди жасап келет.