Баткен облуснун казысы Пазыл ажы Султанмуратов баш имам хатибдерге онлайн жыйын өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин тапшырмасын ишке ашыруу максатында Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облусундагы район-шаардын баш имам хатибдерине онлайн жыйын өткөрдү.

 Жыйында 2020-жылдын, 24-майындагы  Орозо айт  майрамы Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын айтып, коомчулук арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү облус баш имам хатибдерге  тапшырды.

Муну менен катар облус казысы  баш имам хатибдерге мечиттерде диний окуу жайларда расмий уруксат берилгенге чейин карантин шарттарын сактап, аралыктан иштөө аркылуу ишмердигин жүргүзүү керектигин баса белигилеп өттү.

Ошондой эле  садака-фитирди чогултуу жана максаттуу таратууга чакырды.