Ак-Өргөө конушунун тургундарына жардам баштыктары таратылды

Кечээ, 21-май күнү Бишкек шаарындагы «Нур-ул Харамайн» мечитинин имам хатиби Юсуф ажы Сайпиевдин демилгеси менен 230 даана жардам баштыкчалары Ак-Өргөө конушунун тургундарына таркатылды.

Анда эң негизги тамак-аш азыктары камтылган. 

«Эч кимдин оюна да келбеген абал болуп жатат. Бул сыяктуу жугуштуу оорулардын бардык түрүнөн Аллахым бизди сактаган болсун. Ар кандай абалда биз инсандар, мусулмандар Аллахтын ыраазычылыгын издешибиз керек. Жардам колун сунуп, элдин батаасын алам деген бир туугандарыбыз да арабызда арбын. Мына бүгүн аз болсо да жардам баштыкчаларын таркатып, элдин жүзүнө жылмаюу тартуулаганга аракет кылдык»,- деди Юсуф ажы.