«Ак Ордо» жаңы конушунда 100 үй-бүлөнүн ар бирине 5700 сомдук азык-түлүк жардам берилди

Кечээ, 21-май күнү  Бишкек шаарындагы «Ак Ордо» жаңы конушунда жайгашкан «Имам Сарахси» мечитинин имам хатиби Турат Ачакеевдин аракети менен жаңы конушта жашаган 100 үй-бүлөнүн ар бирине 5700 сомдук азык-түлүк жардам берилди.

Эки айдан бери таажы ыланы пандемиясынын айынан үйүндө карантинде болгон аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берилди.  

«Оң колуң бергенди сол колуң билбесин» -деген принцип бар эмеспи. Анын негизинде жардам берген кишилер жалпы элдин билишин каалабайт. Эң негизгиси жараткан Аллах билсе болду-деп соопчулук жасап жатат. Андыктан Аллах Таала биз көрбогөн, биз укпаган бардык нерселерди көрүп-билип турат. Аллах ыраазы болсун!» деди имам хатиб Турат Ачакеев.