Кара-суу районунда имамдардын демилгелери менен аз камсыз болгон 1492 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун тапшырмасынын негизинде районго караштуу Кызыл-Кыштак, Шарк, Жоош, Сарай, Мады, Нариман жана Папан айылдык аймактарында имамдардын демилгелери менен аз камсыз болгон 1492 үй-бүлөгө 1765500 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү.

Анда Кызыл- Кыштак айылдык аймагында 4 имамдын демилгеси менен 626000 сом, Шарк айылдык аймагында 3 имамдын демилгеси менен 451000 сом, Сарай айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 104000 сом, Мады айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 100000 сом,   Нариман айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 20500 сом, Папан айылдык аймагында 1 имамдын демилгеси менен 10000 сом, жалпы 13 имамдын демилгелери менен 1765500 сом каражат чогултулуп кайрымдуулук үчүн сарпталды.

Азык-түлүк баштыкчасына ун, май, макарон, эт, күрүч, кум шекер, картошкө, сабиз, памидор, бадыраң сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат жергиликтүү жамааттар жана кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланды.

Имамдардын мындай иш-аракеттерине райондун баш имам  хатиби өз ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

«Бул жардамдын көпчүлүк бөлүгү башка күндөрдөн айырмалынып куттуу кадыр түн күнүнө туура келди. Бул күнү айрымдары зекетин беришсе, көпчүлүгү садака кылышты. Улуу Аллах  такыбалар үчүн бакара сүрөсүнүн 134-аятында мындай дейт: «Жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-эхсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах эхсан кылуучуларды сүйөт». Жараткан Алллах кылган садака-эхсандарын кабыл кылсын», — деди Абдирашит ажы Батыров.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районунда  ушуну менен карантин башталгандан тарта ушул күнгө дейре 5000000 чукул каражат чогултулуп кайрымдуулук үчүн сарпталды.