Кызыл-Суу айылынын тургундарына жеке ишкерлер 200 000 сомдук жардам көрсөттү

Бул туурасында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын мечитинде, жалпы жакыр 100 үй-бүлөөгө орозо айттын урматына, айттык баштыкчаларын таратышты.  

Жергиликтүү жеке ишкерлердин атынан көрсөтүлгөн жардамга жалпы эл ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгилик каалап дуба кылышты.

 «Бүгүнкү кылган кайрымдуулук ишибизди Жаратканым кабыл кылып, себепкер болгон бир туугандарыбыздан ыраазы болсун. Тамак-аштан сырткары, жардамга муктаж көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарынын окуусуна жардам кылып, аракеттер көрүлүүдө»-дейт баш имам хатиб Талантбек Акылбек уулу.