Бишкек шаарында жашаган Жети-Өгүздүк биртуугандар жердештерине жардам колун сунушту

Ыйык Рамазан айынын урматына жана орозо айт майрамына карата, Бишкек шаарында иштегендер Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу менен биргеликте, жалгыз бой, көп балалуу энелерге, майып бир туугандарга  жана жетим-жесирлерге азык-түлүк таратылды.

Хатибият  жамааты менен биргеликте, тизмеде болгон муктаждарды кыдырып, жалпы 100 үй-бүлөөгө тамак-аш түрүндө орозо айттык, жардам таратылды.

“Бир туугандарыбыздын көрсөткөн жардамдары кабыл болсун. Буга чейин дагы жылына мындай жардамдарды уюштуруп келет, четте жүргөн ишкерлерибиздин ишин Жараткан Алла Таалам ийгилик берсин”,-ди Талантбек Акылбек уулу.