«Кара жыгач» конушунда майрамдык азык- түлүк таркатылды

Бишкек шаарындагы «Кара жыгач» жаны конушунун жашоочуларына жергиликтүү «Фирдаус» мечитинин имам хатиби Расулбек ажы Сариевдин демилгеси менен Улуу Орозо айт майрамынын урматына ооз ачаар баштыктары таратылды.

Рамазан айынын урматына өзгөчө кырдаал учурунда элге аз болсо да маанай тартуулоо үчүн бул аракеттер ишке ашырылды. Анткени динибиз башка  бирөөнү кубантууну, батаасын алууну буйруйт.

«Мына арабыздан чыккан азаматтар элге жакшы маанай тартуулап, майрамдык белектерин берип жатат. Алардын ишине Жараткан Алла Таалам береке берсин»,-Расулбек ажы.

Жалпысынан 200 кишиге ар бирине 700 сомдук 140 000 миң сомду түзгөн азык-түлүктөр берилди.