«Бакай Ата» мечитинин килемдери толугу менен жуулуп, тазаланды

Бишкектеги «Бакай Ата» мечитинин жамааты, учурдагы кырдаалдан пайдаланып, мечиттин килемдерин толугу менен жуулуп, тазаланды.

Мечиттин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиевдин айтымында, учурда пандемияга байланыштуу мечит жабык бойдон турат. Мечит жамааты абалга жараша тазалоо иштерине кам көрүүдө.

«Ыйык Рамазан айында колдон келген дубаларыбызды айтып, Аллахтан суранып жатабыз. Бул башыбызга келген балээден бизди куткарсын. Буюрса бул күндөр да өтүп, кадимки жашоо кайтып келебиз. Биз даярдыгыбызды көрүүнү туура көрдүк»,- деди Файзулла ажы.