Кара-Сууда 5000 үй-бүлөгө Рамазан баштыктары таратылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда рамазан айына карата Раимбек Матраимов тарабынан  5000 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

Иш-чарага Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катышты.

Анда үн, май, макарон, түз, чай, кум шекер, күрүч жана сүт сатылып алынып, жооптуу имам хатибтер  менен  жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде тапшырылды.

Ал эми  бул кайрымдуулукту өз ээлерине жеткирүүдө чыныгы муктаждардын тизмелери райондук администрация тарабынан аныкталды.

Иш — чара соңунда Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров Раимбек Матраимовго жакшы калоо тилектерин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

”Касиеттүү калкыбыз арасында элге эмгеги бар, калкка кадыры бар, динге мээнети бар берешен байларыбыз бар. Биз аларды сыйлап, кылган ишин баалап, ыраазычылык билдиришибиз керек. Аллах Таала  кайрымдуулук кылгандарга эбегейсиз чоң соопторду берет”, — деди Кара-Суу районунун баш има хатиби Абдирашит ажы Батыров.