Нарын казыятынын Нарын шаардык хатибияты тарабынан 140 адамга жардам баштыктары таратылып берилди

Нарын облустук мусулмандар казыятынын Нарын шаардык хатибияты тарабынан кайрымдуулук иретинде 140 үй-бүлөлөгө жардам баштыктары таратылып берилди. Бул тууралуу Нарын шаарынын баш имам хатиби Алмаз Талипакунов билдирди.

Анын билдиргенине караганда Нарын шаарында ыйык рамазан айы ичинде кайрымдуу, берешен адамдардан акча каражаттары чогултулуп, топтолгон каражатка муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр камтылган баштыктар даярдалып таркатылып берилген. Азык-түлүк баштыгынын ичине 10 кг ун, 2 кг шекер, 1 күрүч, 3 кг макарон, 2 литр суу май, 250гр чай камтылган жардам баштыктары берилди.

«Жардам баштыктары жалпысынан 140 үй-бүлө таратылып берилди. Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу жана ыйык рамазан айынын урматына жардам баштыктарына каражат топтоого көмөктөшкөн кайдыгер эмес берешен адамдарыбызга жараткан Аллах чың ден соолук, кажыбас кайрат берсин»,- деди Алмаз Талипакунов