Жалал-Абад шаарында 200 үй–бүлөгө 200 000 сомдук ооз ачаар баштыктары таратылды

Бүгүн, 22-май күнү Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын  жана Сузак районунун аймагында  “Исар” кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облустук казыяты менен биргеликте 200 үй-бүлөгө 200 даана ооз ачаар баштыктарын  таратты.

Күнүмдүк керектелүүчү азыктар салынган ар бир баштык  1000 сомду түздү. Бул туураалуу Жалал-Абад облустук казысынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров билдирип, буларга токтолду: 

“Берекелүү Рамазан айынын акыркы күндөрүндө дагы бир жолу кайрымдуулук жасап калуу максатында, Рамазан айынын акыркы он күндүгү тозоктон кутулуу дегенди  эске алып, шаарыбыздагы аз камсыз болгон бир туугандарыбызга “Исар” кайрымдуулук фонду жардам колун узатты.  Жасаган кайрымдуулук иштерин Жараткан кабыл кылып, соопторун эселеп берсин”,-дейт казынын орун басары.