Бир канча себептерден улам, кокусунан өлүп калуудан коркуп турам…

1. Тооба кыла албай калган күнөөлөрүмдүн көптүгүнөн коркомун.

 2. Перзенттеримдин тарбыясында тавхид келмесинин толук болбой калуусунан коркомун.      

3.Ата-энемдин кызматтарыны толук кыла албай, ыраазылыктарыны ала албай кетүүдөн коркомун.

4.Башкалардын акысын бере албай кетүүдөн коркомун…    

5.Кимдир бирөөнүн көңүлүнү оорутсам (сөзүм менен же амалым менен), андан кечирим сурабай Кыяматка калуусунан коркомун…    

6. Телефонумда динибиз уруксат бербеген (уят) нерселер болуп, аны өчүрүп тазалабай кетүүдөн коркомун…  

7.Менден кийин адамдар мени жаман сөздөр менен айыптоосунан коркомун…   

8. Ар бир чоң, кичине амалдарым жазылганда, жаман амалдарым мени кыжаалат кылуусунан коркомун….

9. Дүйнөдө досторума, жакындарыма жакшы көрүнүп, кыяматта калайык калктын алдында шерменде болуудан коркомун.

 10.Менин көзүм өткөндөн кийин, заалымдар үй-бүлөмө кордук (зулум) көрсөтүүлөрүнөн коркомун.

11.Кимдир бирөөгө азар берип, унутуп калып Махшарда жакама жабышуусунан коркомун. 

12.Жанымда жүргөн бейнамаз Кыяматта «Эмне үчүн намаз оку-деп айтпадың,  ибадатка мажбурласаң  да болот элего»-деп жакама жабышып, доолашып, мени айыптуу кылгандан  коркомун.

 13. Мага бирөөнүн (көпчүлүктүн) малы-пулу аманат тапшырылганда, ага кыянат кылып жеке кызыкчылыгыма иштетип коюдан коркомун… 

 14. Ушул Рамазан айына келип, такыбалык кыла албаганымдан коркомун…   

15. Мен тамактын түрүнөн даам сызып отурганымда, кайсы бир жарды мен сыяктуу жерде тамактана албай отурса, кыяматта Аллахым экөөбүздү жүздөштүрсө, «Эмне деп?» деп жооп бериштен коркомун…   

16. Пайгамбарым Мухаммед (с.а.в) алдына барсам, ал мени тааныбай калуусунан аябай каттуу коркомун!…

Оо Аллахым өзүңө тобокел кылдым, өзүңдөн үмүт кыламын Пайгамбарыбыз (С.А.В) чыныгы үммөт кылгын!…  Амиин!

Которуп даярдаган:  Баткен казыяты, «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы, Айбек Кузибеков