Каракол шаарында аз камсыз 60 үй-бүлөгө кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду

Ыйык Рамазандын  урматына Каракол шаарынын «Иброхим Ажы» атындагы борбордук мечитинде, Каракол шаардык хатибиятын тарабынан аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, майыптарга жана көп балалуу жалгыз бой энелерге 3 000 сомдун тамак-ашы жардам катарында таратылды.

«Мындай иш-чараларды жылына уюштуруп келебиз, Рамазан айы жакшылыктын айы, андыктан колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамга кол сунган бир туугандарыбызга жылуу маанай тартуулап келебиз»,-деп билдирди Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков.

Бир туугандарыбыз көрсөтүлгөгөн жардам үчүн уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылыктарын билдиришти.