Баткен шаардык хатибияты Tika уюму менен биргеликте 15 үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамын көрсөттү

Баткен шаардык хатибияты Tika уюму менен биргеликте жардамга муктаж Баткен шаарынын аймагындагы 15 үй-бүлөгө баасы 1300 сомдук кайрымдуулук жардам көрсөттү

Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында кайрымдуулук жардамдын курамын ун, гүрүч, кум шекер, өсүмдүк майы, макарон, чай жана башка азык-түлүктөр түздү.

“Шаарыбыздын муктаж үй-бүлөлөрүн колдоо жана аларга кубаныч тартуулоодо көмөк көсөткөн Tika уюмуна ыраазычылык билдирем”-, дейт Абдурашид ажы Юнусов