Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев элибизди Орозо Айт менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатух! Урматтуу мусулман бир тууганым! Сиздерди жан дүйнөнү арууланткан, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!  

Касиеттүү Орозо Айт – дүйнөдөгү бүткүл мусулмандардын ыйык деп эсептелген эки майрамдын бири.

Ардактуу мусулмандар!

Мындан бир ай мурун берекенин, кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Рамазан айы кирип келген эле. Жаратканга шүгүрлөр болсун бул айда журтубуз садака-эхсандарын жасашып, бири-бирине жакшы сөздөрдү айтып, күнөөлөрдөн арылуу максатында тообо кылышты.  Рамазан айы —  өзүбүздүн напсибиз менен күрөшүүнү баарыбызга үйрөттү.

Жараткан Аллах Улуу Рамазан айында туткан орозолорубузду, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылып, баарыбызды келээрки жылы ушул ыйык айда сак саламат көрүшүүнү насип кылсын!

Орозо Айтыңыздар маарек болсун!